Бишкекте II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына канча күн, канча саат калганын санап көрсөтүп турган саат коюлду (фоторепортаж)

Бүгүн, 15-майда Бишкекте өзгөчө саат коюлду. Анын өзгөчөлүгү - саат II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына канча саат жана канча күн калганын санап көрсөтүп турат. Саат бүгүн оюндарга туура 111 күн калганын көрсөтүүдө.

Көчмөндөр оюндарынын катчылыгынын башчысы Нурдин Султамбаев билдиргендей, мындай саат кыргыз жеринде буга чейин коюлган эмес. Уюштуруучулар бир катар сааттардын ичинен дал ушуну тандап алышты.

Салтанаттуу ачылыш аземине вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева, Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Шейшенкул Бакиров жана башкалар күбө болушту. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин обого жаңыруусу менен башталды. Гимнди обого Гүлнур Сатылганова, Айжан Газиева, Айбек Замирбек уулу жана Нурмат Садыров жаңыртышты.

Кошумчалай кетсек, II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 3-8-сентябрь аралыгында Ысык-Көлдө орун алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (23)
Malik92
2016-05-15 20:54:31
Кандай жакшы кабар Кыргызстаным алга Аллахым бул жылы да женишти Кыргызстаныма бер.
+6
tashi62
2016-05-15 21:39:11
Кыргызстанда иштелип(жасалып) чыккан саат бекен?
-6
Azahan
2016-05-15 21:46:00
Ооба Кыргызстанда жасалган саат кашык чыгара албайбыз кайдагы саат КЫРГЫзга саатын деле кереги жок Кумондор айткандай эртеменен тушто кечинде деп журо беребиз
-9
doni89
2016-05-15 23:16:16
Azahan,Кыргызга саатын деле кереги жок деп жалпы Кыргыздын атынан жазбаңызда....керек эмес эле керек, саат сизге керек эмес болушу мүмкүн....Кыргызстанда саат чыкбасада башка көп нерселер чыгат сиз билбейткенсиз....андай деп кайдигер мамле кылбаңыз кыргыз элиме кыргыз жериме.
+10
Abospekova
2016-05-16 01:32:21
Azahan,деги силерге эч нерсе жакпайт,кыргызстан алдыга жылып атат, бир аз болсода онугуп атканга суйунуп тобо деш керек, бузук телефонду чукулаган немедей чукулай бербей.
0
Shekeev969798
2016-05-15 23:34:58
Орто азияда бизде гана лампа чыгат
+4
daiyrbekov_91
2016-05-15 23:43:45
Жакшы кабар,бирок муну уурдап кетпесе эле болду...
+1
Sayasatchy_bala
2016-05-15 23:49:01
Эн акыркы суротто сары желек которгон менмин
+3
SHAHDAR
2016-05-16 00:08:02
Sayasatchy_bala,
Эринбей сен учун карадым, молдец иним!!!
0
Sayasatchy_bala
2016-05-17 21:26:42
SHAHDAR, рахмат:)
0
tegenelik
2016-05-16 00:09:29
jakshi kabar alga kirgiz alga
0
Bermet_Kasymova
2016-05-16 00:53:37
Суротко тушконго жакшы экен да)
0
Mongol1155
2016-05-16 07:12:06
Орусча,англисче жасылганы кандай?Кыргыз тили кайда кеткен?
-1
hann
2016-05-16 11:08:17
Mongol1155, Кыргызча ырдап сахнага чыгып анан кыргыз тилин суйлой албайм дегенге окшошуп жатат го...
0
men70
2016-05-16 11:16:51
Жакшы саамалык. Бирок оюнчуктай корунот. Кыргыз тилинде жазылган эмес. Улуттук руханий дуйнону чагылдырыш керек.
0
malika79
2016-05-16 11:42:16
сары желектин сол жагында менмин го
+1
Sayasatchy_bala
2016-05-17 21:27:48
malika79, Чын элеби?
0
admin_portal
2016-05-16 14:39:21
flow23, коомдук адепке туура келбеген билдирүүңүз үчүн 20 күн БАН! Сиз бул кабарга комментарий жазган эмессиз!
0
Khabib
2016-05-17 00:25:53
суроторду коройн деселе ачпайтко
0
admin_portal
2016-05-17 11:32:20
Khabib, саламатсызбы!
Телефон менен киресизби? Кайсы өлкөдөн?
0
barsbegKG
2016-05-17 03:00:45
Кыргызча жазуу жок деп айтып калдынар бир кун Индиянын элчилигин ин(консул) ХХХ ХХХ кээде отуп калганда кыжырды келтирет бир да кыргызча жазуусу жок.
0
admin_portal
2016-05-17 11:33:44
barsbegKG, провокацияга жол жок! Эскертүү!
0
admin_portal
2016-05-19 09:13:05
ukmuw-ukmuw, жеке билдирүүнү купуя менен жибериңиз!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан