Жалал-Абадда ооганчылар ишмердүүлүгүн жандантып, милиция менен кызматташат

Жалал-Абадда ооганчылар ишмердүүлүгүн жандантып, милиция менен кызматташат. Бул тууралуу бүгүн, 16-майда SUPER.KG порталына Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

"Иш-чарада Жалал-Абад ОИИБинин башчысы Жеңиш Жоробеков Ооган согушунун ардагерлери менен жолугушуп, мындан ары кылмыштуулуктун алдын алууда биргеликте кызматташарын айтты", - деп билдирди басма сөз кызматы.

"Жалал-Абад облусунда Ооган согушунун ардагерлеринин демилгелерин Жалал-Абад милициясы колдоого алат. Сиздер коомдогу орду бар маанилүү чоң күчсүздөр. Жаштарга таалим-тарбия берүүдө басып өткөн жолуңуздар аркылуу, бийик тажрыйбаңыздар менен насаатыңыздарды айтып туруңуздар", - деп кайрылды ооганчыларга Жеңиш Жоробеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан