Укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова: "Президент эл алдында кечирим сурасын!"

Бүгүн, 16-майда Бишкекте Ак үйдүн жанында 30дай адамдын катышуусунда нааразычылык акциясы жүрүп жатат. Алар президент Алмазбек Атамбаевден укук коргоочулар Азиза Абдирасулова менен Төлөйкан Исмаиловага карата айыптоолорду төгүндөөнү талап кылышууда. "Укук коргоочуларда айып жок. Түрмөгө бейкүнөө камалган адамдардын, майыптардын укугун коргоп жатабыз. Президент өз ишин оңдоп алып бизди сындасын", - дешүүдө митингчилер. Укук коргоочу Т.Исмаилова "Алмазбек Атамбаев эл алдында кечирим сурасын!" - деди.

Айта кетсек, 14-майда президент Алмазбек Атамбаев көп балалуу энелерди Баатыр эне ордени менен сыйлоо аземинде "өлкөдө төңкөрүш жасоону пландаган" делген адамдарды катуу сынга алган. "12-майда алар форум өткөргөндө кимдер гана келген жок: Талгарбеков баштаган акаевчилер, Калматов жетектеген бакиевчилер, ИГИЛдин тарапташы Нурлан Мотуев жана чет өлкөдөн келген акчаны иштетип жаткан бейөкмөт уюмдардын башчылары Төлөйкан Исмаилова менен Азиза Абдирасулова. Алардын максаты бир - өлкөдө ар кандай шылтоо менен төңкөрүш жасоо. Алар жакшылыкты түшүнбөйт экен. Аяган сайын күчөп баратышат. Мен муну токтотом", - деген Атамбаев.

Ак үй алдында укук коргоочулар митингге чыгышты (16-май. 2016)
Ак үй алдында укук коргоочулар митингге чыгышты 2 (16-май. 2016)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (32)
balakai-1997
2016-05-16 10:44:39
Чыккынчылардан неге кечирим сурасын? Булар оздору элден кечирим сурашсын! Жапайыларча милиция кызматкерлерин олтургондордун укугун коргогондор. Акча учун ХХХ ХХХ.
+11
admin_portal
2016-05-16 12:49:31
balakai-1997, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирбеңиз. Эскертүү!
0
hann
2016-05-16 10:49:54
Эки адамдын башын бириктирип митинг уюштургандарды тынчытып койбосо жонокой адамдардын башын айлантып олкодо башаламандыкты жаратышат. Президент президент эле дешет. Азыр президенттин абалы мурункудай эмес экенин тушунупойбу. Кызык экен бул элдик парламент деген. Атанбаев тушоору менен Кыргызстанда кой устуно чымчык уялаган заман келет деген ойдобу бул элдик парламент. Элдик парламент деп ким атап койгон аларды??? Булардын эл алдында эмгеги кандай деги???Афторитет деген барбы буларда эл алдында
+2
Abospekova
2016-05-16 10:51:01
Президент жакшы эле иштеп атат, кыргыздар бир кесим наны жок калсада президент кунолу дешет экен, тан калам тобоо.
+4
ali1995
2016-05-16 11:14:17
мумкун болсо ушу укук коргоочуларды баарын ХХХ ХХХ керек!элди болуп жаргандарда ушулар!
+1
admin_portal
2016-05-16 12:29:16
ali1995, провокация жаратпаңыз! Эскертүү!
+2
muku79
2016-05-16 11:24:24
Дагы эмне кылсын, бутума чоголоп бетимен опсун десенер болмок экен!!! Озунорду ким деп ойлойсунар? Президент деген олко башчы болуп жатпайбы!!! Орус оюна келгенин кылат болуп жатасынар!!!
+2
Abospekova
2016-05-16 11:27:47
А десенерда б десенерда ПРЕЗИДЕНТ эч жакка кетпейт,митинг кылгандар уйунорго тарагыла майрам бутту.
0
milons
2016-05-16 11:38:20
А.Абдурасуловага жана Т.Исмаиловага: биринчи кезекте, озунор коргоп жургон А.Азимов мыкаачылык менен олтургон адамдардын бала чакасынан жана уй булосунон барып тизе бугуп кечирим сурасанар.
+5
milons
2016-05-16 11:39:39
Эгерде мен Президент болгондо ушундай адамдарга карата "мекендин эн чыккынчы адамдары" деген наам ыйгармакмын
+2
ruslanz
2016-05-16 12:35:51
Элдик парл-ти да укук корг-ды да колдобош керек. Аларга курал болбош керек. Алар чон жеп, чон ичип конуп калышкан. Револ-га ишенбей башка жол м-н нан таап жеш-би. Биз деле журбойбузбу. Эн башкысы тынчтык.
+1
fanatka19
2016-05-16 12:53:01
Укук коргоочу эмес эле,ХХХ ХХХ ХХХ,ким акча берсе укугун коргойсуңор,бербесе карап да койбойсуңар.канчалаган адамдардын укугу тебеленип атат,канчалаган жаш кыздар зордукталып атат кана коргогонуңар.силер жалаң эле түрмөкечтердин укугун коргошту билесиңерби жэ.
+2
admin_portal
2016-05-16 12:59:59
fanatka19, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүдөн алыс болуңуз!
0
admin_portal
2016-05-16 13:31:41
Gema, бир эле маңыздагы билдирүүлөрдү кайталап жазууга болбойт. Билдирүүңүз өчүрүлдү!
0
Sadyrov_n93
2016-05-16 19:49:30
Эмнеге сураш керек экен. Алмазбек Шаршенович абдан туура айткан. Озунун акчасына коргоп атат бекен бироонун укугун,Батыштан келген акчалары менен,ошолордун сызган сызыгынан чыгалбай журот. Эл да билет бул экоонун кантип,кимге иштеп жатканын. Калп эле куру создор менен,популист болушуп. Ушулар эле жетишпей атты эле. Ушундай мыкты укук коргоочу болушса колдоп чыгышмак 30 эмес,миндеген колдоочулары.
-1
ruslankg
2016-05-17 00:23:37
Озу кыргызга президет жакпайт дагы тутпойт дагы бир жарым жыл чыдасанар кетет жанысы келет дагы эле ошол президент жаман
-3
kemel81
2016-05-17 02:13:36
Президентти эми кордунорбу? Укук коргоочуларды эми кордунорбу?. Баягылар да.
-1
football1
2016-05-17 02:15:36
Куйом да куйом
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан