"National Geographic" басылмасынын фотографтары кыргыз жергесинде тарткан сүрөттөр (фото)

"National Geographic" басылмасынын фотографтары 4 күнгө кыргыз жергесине келишип, кооз жерлерди сүрөткө тартышты. Бул тууралуу маалымат аталган журналдын расмий сайтында өлкөбүздүн эң кооз жерлеринин сүрөттөрү менен жарыяланган. Андрей Каменев баш болгон сүрөтчүлөр тобунун эмгектеринде Ысык-Көл, Жети-Өгүз аскаларынын көркөмдүгү жана Түндүк Тянь-Шань тоолорунун кооздуктары чагылдырылган.

“Фотоэкспедициянын алгачкы кадамы Чүй өрөөнүндөгү кызгалдактардан башталды. Ошондой эле Улуу Жибек жолундагы үч багыттын бирөөсүн басып өтүп, байыркы тарых менен кездешүү жана "National Geographic Орусия" журналынын шеф-сүрөтчүсү Андрей Каменевдин кол алдында мыкты кадр жасоо мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Кыргыз элинин улуттук кийимдерин кийип, ат үстүндө бүркүт менен аң уулаганы фотографтардын эсинде калган кадр болду”, - деп жазылат маалыматта.

Эскерте кетсек, "National Geographic Орусия" журналынын шеф-сүрөтчүсү Андрей Каменев Улуу Жибек жолу боюнча фототур уюштуруп, өлкөбүзгө 6-10-майларда келип кетишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Abospekova
2016-05-16 10:45:24
Кооз жерлер сонун.
+2
forestmen
2016-05-16 11:10:38
Тондун буркутчулору менен буркутторун карагылачы. Суктанаарлык.
+2
munduz2016
2016-05-16 12:54:35
Чындыгында биздин мекенде мындай кооз жерлер кор!
+1
miss-998
2016-05-16 16:59:31
Караса коз тойбойт, мактаса соз жетпейт
+2
makemake1979
2016-05-16 18:05:58
Элим бар,жерим бар мен кыргыз.
Тилим бар,тегим бар мен кыргыз.
Тарыхта аз да болсо из калтырган.
Мейман дос,кен пейилдуу мен кыргыз.
Аскасы көк асманды тиреп турган.
Ала тоону мекендеген мен кыргыз
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан