Бүгүн, 16-майда Бишкекте Ак үйдүн алдында укук коргоочулар Төлөйкан Исмаилова менен Азиза Абдирасулова баштаган топ митингге чыкты. Алар президент Алмазбек Атамбаев тарабынан аларга карата айтылган сындын жөндүү эмес экенин айтып, нааразычылык акциясын уюштурушкан. Азиза Абдирасулова чогулгандардын алдына чыгып, журналисттерге маалымат берип жатып, президентти сотко берерин билдирди.
"14-майда президент "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында көп балалуу энелерди Баатыр эне ордени менен сыйлап жатып өлкөдөгү бардык энелерди куттуктады. Анан бизди катуу сынга алды. Биздин да туугандар, кудалар бар. Биз дагы энебиз. Сот бизди күнөөлүү деп таппаса деле президенттин минтип айыптаганга укугу жок болчу. Биз эми президентти сотко беребиз. Эгер биз президент айткандай күнөөлүү болсок, анда мыйзам чегинде жооп бергенге даярбыз", - деди А.Абдирасулова.
Кошумчалай кетсек, 14-майда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда көп балалуу энелерди Баатыр эне ордени менен сыйлоо аземи өткөн. Анда президент "өлкөдө төңкөрүш жасоону пландаган" делген адамдарды катуу сынга алган. Өз кезегинде өлкө башчы Төлөйкан Исмаилова менен Азиза Абдирасулованы сынга алган.