Сауд арабиялык аялдар күйөөсүнүн чөнтөк телефонун уруксатсыз текшерип карагандыгы үчүн жонунан балак алынып, абакка камалышат. Бул тууралуу чет элдик "The Independent" гезити жазып чыкты.
"Аялдар күйөөсүнүн жеке жашоосуна кийлигишип, телефонун текшергени үчүн жазага тартылышат", - деп билдирди юрист Мухаммед Ал-Темият.
Мындай маалымат коомчулукка чыгары менен социалдык түйүндөрдө кызуу талкууга алынды. Өзгөчө сауд арабиялык аялдар эмне үчүн мындай эреже аялдар үчүн эле чыгарылганына кызыгып, "Аялдар бүт жашоосун күйөөсүнө арнап жашаганы аз келгенсип, мындан ары кызганууга да акысы жокпу?" деген суроолорду байма-бай көтөрүп чыгышууда.
Укук коргоочулар "Аялын сабаган эркекти эмнеге мыйзам көз жаздымда калтырып жатат?" деген ойлорун айтып чыгышкан. "Мындай учурда аялдар милдеттүү түрдө жазаланбайт. Эгерде күйөөсү арызданбаса, анда жазага тартылбайт", - деди Мухаммед Ал-Темият.