Ош мамлекеттик университетинде машыгуу аянтчалары ачылды

Ош мамлекеттик университетинде машыгуу аянтчалары ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 16-майда окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.

"Спорт, маданият, искусство, саламаттыкты сактоо жана тарбия берүү жаатында акыркы үлгүдөгү машыгуучу спорттук шаймандар орнотулду. Түрк ишкерлери менен кызматташуунун алкагында 150 миң АКШ долларына бааланган спорттук жабдыктар орнотулуп, спорттук аянтчалар ачылган. Аянтчалар ОшМУнун 5 жерине курулду. Ачылуу аземине түрк ишкерлеринин Кыргыз Республикасындагы координатору Еврен Ритбул жана ОшМУнун ректору Каныбек Исаков катышып, аянттын кызыл тасмасын кести. Мындагы максат - сергек жашоо, дени сак өлкөнү түзүү", - дешти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
adilbars
2016-05-16 13:01:54
Исаков азаматсыз! Министр болушунуз керек экен!
+2
Magdali
2016-05-16 13:12:42
Соонун кылыптыр
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан