SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Талант кары-жашка карабайт. Бийчилер залды жарышты" аттуу видео жүктөлдү (ник: Tursunai23).
Видеодо көрүнүп тургандай, бий сынагында сахнага жашы бир топко барып калган эркектер чыгышат. Калыстар тобу да, залдагы көрүүчүлөр да аларды таң калуу менен карап калышат. Кызыгы, алар бийлеп баштаары менен залдагылар дуу этип колдоп киришет. Позитивдүү видеодон талант кары-жашка карабай турганы, болгону адам өзүнө ишенүү менен алдыга умтулса, ийгилик жарата алары көрсөтүлөт.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.