SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Милиция, дарыгер, мугалимдердин терс жактарын талкуулайлы" деген тема талкууга алынды.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Кызымды күйгүзүп алганда бир дарыгерге абдан нааразы болгом. Кызым чырылдап ыйлап жатса да, мен даярданып келгенсип "акча төлөмөйүнчө ооруну басаңдатуучу укол сайбайбыз" деп ыйлатышкан. Алар менен алышып жатып эсимди жоготуп жыгылып калгам, боюмда да бар болчу".
"Ушул окуяны, мүмкүн, ошол милиция окуп эстээр. Бир күнү автобекетте отурсам, бир мас абалындагы кебетеси келишкен милиция кызматкери жаныма келди да, "Ордуңдан тур! Билесиңби мен киммин?" деп эле кекетип кирип, бир маалда кулап түштү. Чочуп кетип анын башын көтөрдүм. Аңгыча башка милиция кызматкерлери келип калышты. Алар мени урушуп, "түш машинага" деп мен байкушту да салып келишти участкасына. Сүйлөсөм эле эч кимиси укпай кагып-силкип салышат. Айлам кетип жолдошума телефон чалдым. Андан ого бетер тил уктум, алып чыкты. Оюма эмнелер гана келбеди, "подстава" деп да ойлодум. Ошол жерде күбө болгондор басып келип жардам бергенге жарашкан жок".
"Милициясыз бир күн жашап көргүлөчү, көчөгө чыкпай отурсаңар керек".
"Беш кол тең эмес. Дарыгерге кайрылып калсаң, жакшы мамиле жасап, дарылап, кылган эмгеги үчүн акча сунсаң, "рахмат, бул биздин милдетибиз" деп акчаны албай койгон врачтарды да көргөм".
"Биздин врачтарды да туура түшүнүшүбүз керек, айлыктары аз болгону үчүн бейтаптардан үмүт кылышат да".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.