Бүгүн, 16-майда Ош шааарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Увам каналында агып бараткан 9 жашар Нуризаны куткарып калган ӨКМнын Ош шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Нурлан Баймуратовду жана Куткаруу кызматынын нускоочусу Мыктыбек Бекиевди Ардак баракча менен сыйлады.
Мэриядан кабарлашкандай, шаар башчысы куткаруучулардын кылган баатырдыгы менен баары сыймыктана турганын билдирди. "Силер канчалаган табият кырсыктарында эрдик көрсөтүп келесиңер. Көпчүлүк учурда өз өмүрүңөрдү тобокелге салып адам өмүрүн сактап каласыңар. Арабызда силердей баатырлардын көбөйө беришине тилектешмин”, - деди А.Кадырбаев.
Белгилей кетсек, окуя 17-апрелде саат 14:00 чамасында катталган. Шакиров көчөсүнүн тургуну Нуриза Рыскулова эшик алдында ойноп жатып Увам каналына тобун агызып жиберген. Аны алам деп артынан каналга өзү да түшүп кеткен. Бекиев сууга боюн таштап, аккан кызды алып чыккан.