"Медиа-портал" бөлүмүндөгү таасирдүү тартылган клип - Дайыр Исмадияровдун "Тим эле" ырынын клиби. Анда бой көтөрүп, жигиттерди теңине албаган кыз күн өткөн сайын соолуп бараткан кызыл гүлгө салыштырылган. Тарбиялык мааниге ээ клип тууралуу ырчы буларга токтолду:
"Клиптин идеясы өзүмө таандык. Клипмейкер Эрнист Сыдыков клипте айталы деген ойду жогорку деңгээлде жеткирип тартып берди. Клипте жигиттерди чанып, бой көтөргөн кыз роза гүлүнө салыштырылган. Колдон колго өткөн буюм деле көркүн жоготот да, андыктан көп жигиттер менен жүргөн кыздар деле кийин кор болуп калышы мүмкүн деген ой айтылат. Сулуулугуна ишенген кыз "каалаган адамымды багынтып алам" деп ойлойт. Көпчүлүк "кыз акырында баңгиге айланып калат" деп ойлошот экен, бирок биз кыздын абалын соолуган гүлгө салыштырып бердик. Соңунда кыз баарын ойлонуп көрөт да, жигиттин белегин кабыл алат. Клип аркылуу биз кыздарга "баарын ойлонуп жасагыла" деген эскертүү бердик. Чыгармабыз элге таасир этип, кээ бирин ойлонууга мажбурласа - бул биздин ийгилик".
Дайыр Исмадияровдун "Тим эле" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.