Бишкек милициясы көчөгө орнотулган пианинодон шектенип, алып кетти

Бишкекте шаардыктарга белек катары көчөгө орнотулган пианинону милиция алып кетти. Маалыматка таянсак, шектүү буюм тууралуу милицияга бүгүн эртең менен маалымат түшүп, аймак курчоого алынган. Аны сапёрлор текшерүүгө алышкан. Пианинону "Ата Мекен" партиясынын жаштар канаты өткөн аптада орноткону белгилүү болду.

"Пианинону жума күнү кечкисин Киев-Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишине койгонбуз. "Бишкек почтамттын" күзөтчүлөрү менен макулдашканбыз. Алар "бул жерди сутка бою кайтарбайбыз, бирок көз салып турабыз" дешкен. Азыр милиция "Бишкек почтамттын" күзөтчүлөрү билген эмес деп жаткан окшойт. Бул бишкектиктерге белек болчу. Келип ойноп көргөндөр болуптур", - дешти партиянын өкүлдөрү.

Пианино учурда Свердлов райондук ички иштер башкармалыгында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
kama_future_millioner
2016-05-16 14:41:59
Тим эле койбоптур эл ойноп турмак көчөдө, эми ал да бир менттин уйүнө кетет белек болуп
+1
Супер саяк
2016-05-16 15:47:52
Бул пианино эмес, бул фортепиано... ХХХ ХХХ ХХХ
+7
admin_portal
2016-05-16 16:17:10
Супер саяк, маалымат так жазылган. Сын-пикирлер тиешелүү дарекке жазылып жөнөтүлүшү керек. 3 күн БАН!
-7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан