Бишкек милициясы 16-майда SUPER.KG порталына билдиргендей, борбор калаадагы шек жараткан пианинонун ээлери келишсе, ал кайтарылат.
Маалым болгондой, бүгүн эртең менен Киев менен Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Бишкек почтамттын” кызматкерлери тарабынан аймактык милицияга маалымат түшкөн. Алар иштеген имараттын жанында шек жараткан пианино туруп калганын билдиришкен. Тиешелүү кызматкерлер тарабынан аталган аймак курчоого алынып, сапёрлор чакырылган. Кийин бул музыкалык аспап эч күмөндүү эмес экенине ынанган соң пианинону милициянын аймактык бөлүмүнө жеткиришкени белгилүү болду. Пианинонун ээлери келе турган болсо, пианино кайтарылып бере турганын милициядан кошумчалашты.