Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 122-чакырымы (Боом капчыгайы) 16-майдан тарта 20-майга чейин маал-маалы менен жабык болот. Бул тууралуу бүгүн, 16-майда "Кыргыз темир жолу" ишканасынан кабарлашты.
Маалымат боюнча, поезд жана автоунаа кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Ички иштер министрлигинин Жол-кайгуул кызматы кооптуу таштарды кулатуу иштерин жүргүзөт. Күндүзгү саат 9:00дөн 15:00гө чейин жол жабылып турат. Эгер 30-40тан ашуун автоунаа чогулуп калса, иш убактылуу токтотулуп, жол ачылат.