Шашылыш билдирүү! Өлкөнүн тоолуу аймактарында нөшөрлөгөн жамгыр жаашы күтүлөт

Өлкө аймагында 17-майдан 19-майга чейин түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаайт. Бул тууралуу бүгүн, 17-майда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо жамгыр жаайт. Тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетет.

"Өлкөнүн дыйканчылык аймактарында абанын температурасы төмөндөйт. Туруксуз аба ырайы 20-майга чейин созулат. Нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда сел жүрүп, суунун деңгээли көтөрүлөт", - деп билдирет басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
madina.87
2016-05-17 10:14:57
Не деген шумдук болуп атат.
Пейилибиз бузулдуда озучу(((((((
+2
dinar-87
2016-05-17 11:04:26
Бул жамгырлардын аягы барбы ?
0
adi.sumi
2016-05-17 12:57:24
жамгыр жамгыр дагыле жамгыр, эгиндер чабыка кирип калды жаандын токтошун жердин таабына келишин эле кутуп жатат айыл жергеси.
0
sabirdinovich
2016-05-17 16:02:05
Сүрөтүңөр макаланын мазмунуна дал келбей калыптыр. Бул сүрөттү жайдын мээ кайнаткан канчалаган күндөрүндө күтүп жүргөн жамгырдын жаашын жарыялоодо гана чыгарса олуттуу болмок. Мейли эми ар кимдин табити ар башка...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан