Борбор калаанын көчөлөрүнө миллиондон ашык гүл отургузулат

Бишкек мэриясына караштуу "Жашылдандыруу" ишканасы борбор калаанын көчөлөрүнө гүл отургуза баштады. Бул тууралуу бүгүн, 17-майда Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шаарды көрктөндүрүү иштери 10-июнга чейин жүрөт. Муну менен катар бир жылдык өсүмдүктүн сальвия, тагетес, георгин, пеларгония, агератум жана герань түрлөрү отургузулуп, жалпысынан 1 миллион 218 473 түп гүл тигилет.

Учурда гүлдөр Абдрахманов көчөсү менен Манас кең көчөсүн бойлой жана Жаштар аллеясына отургузулууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Gema
2016-05-17 10:34:25
Жакшы,жакшы.Жылыштар бар ондонот бир аз да болсо.Мусорлор тазаланып убагында,туну менен жолдор,бордюрлар жуулуп,гулдор отургузулуп,ондоп тузолчу жерлер тузолуп.
0
fanatka19
2016-05-17 14:08:37
Айланайын элим жулуп кете көрбөгүлө.
+1
hann
2016-05-17 19:52:00
Элибиз тийбейт деле жанагы шудундаган лолулор кызыкты салып жатпайбы. Ошолорго каршы бир чара корушсо болбойбу. Озгочо жениш аянтында болуп жаткан корунуштор капа кылат. Жаш жубайлардын тынчын алып, ар кимисинен кайыр сурап колтуктап алып коебербей жаткандарын коп эле кором. Эн тамашасы кийин суротторун карап отуруп, бул сенин досун деп бирин бири тамашалашса керек жубайлар.
0
hann
2016-05-17 19:54:52
Тартип сакчыларыбызда деле бет жок. Лолулор тыгылып журсо кочодо самсаалап, аларгы конул бурулбайт да капысынан алдындан чыгып паспортунду корсом болобу деп жинге тийишет. Озгочо Ош базарындагылар.
0
Abospekova
2016-05-18 05:44:59
Ай алтындарым кулго тийбегиле, бул озубуз эле жашап аткан мамлекет, озубустон башка эч ким ойлобойт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан