Интернетте Лондон шаарынын жаңы шайланган мэри Садик Хандын аялдамада автобус күтүп турган сүрөтү Facebook социалдык тармагында пайда болуп, кызуу талкуу жаратты.
"Лондондун жаңы мэри аялдамада автобус күтүп турат! Собянин (Москва шаарынын мэри) өтүп кеткенден кийин гана автобустарды өткөрүшөт", - деп комментарий калтырган аталган сүрөткө Роман Лука аттуу колдонуучу.
Сүрөт интернет колдонуучуларынын арасында "күндүн сүрөтү" деп кызуу талкууга алынган. "Лондон таза шаар эмес экен", "Шайлоого чейин өзүн көрсөтүү үчүн кылганы", "Байкуш, жок дегенде велосипед сатып алуу үчүн насыя алса болмок" деп жазышкан алар.