SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Эу, сенсиребе, сен! "Сиз" деп кайрылуу канчалык керек?" деген тема талкууга алынды.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Бул сиз, сен демей адамдын өзүнөн го. Мен, мисалы, сен дегенди жакшы көрөм. Мага сен деп кайрылса, туура эле кабыл алам, бирок өзүмдөн 3 жаш кичүү болсо, сен дедирбегендей кылып сүйлөйм. Өзүмдөн улуулардан "Сиз дейинби же сен дейинби?" деп сурайм. Көбү "сен де" дешет".
"Тааныбаган адамга "сиз" деп кайрыла берем, айрыкча кыз болсо. Эркек кишиге келгенде анын жаш курагын кебетесине карап болжолдоп, менден улуу көрүнсө "сиз" дейм, болбосо кээ бирөөлөр "сиз" дегенди сылыктык катары кабыл албай, сени өзүнөн төмөн көрүп, улуусунушу да ыктымал. Өзүңдөн кичүү эле бирөө "сен" деп жатса жагымсыз".
"Бизде мектепте жашы кичүү болсо да сиз деп кайрылуу керек деген эреже бар эле. Азыр да ошолор "сиз" деп кайрылса ыраазы боло түшөсүң".
"Менден 2-3 жаш кичүүлөр сен десе жиним келет, өзүм сен эле дейм, 4-5 жаш улуу болсо сиз дейм, тааныбагандарды сиз деп коём калп эле".
"Сиңдим менден 5 жаш улуу жигитке турмушка чыкты. Ал мага күйөө бала да, азыр көрө элекмин, барсам кантип сен дейм, эмне деп сүйлөйм деп өзүмчө эле кыжалатмын".
"Мага да тааныбагандар "сиз" деп кайрылышат. Анан "Ушундай кары көрүнөмбү?" деп капа болом".
"Сиз деген кимге эле жакпасын, кулакка жагымдуу угулат".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.