Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Ардагерлер кеңеши шаардагы "Жеңиш" аянты ар кандай митинг, нааразычылык акциясы өтчү жайга айланып баратканын айтып, ыйык жерди мындай максатта колдонбоого чакырды. Бул тууралуу аталган башкармалыктан кабарлашты.
Кайрылуу төмөнкүчө:
"Кыргыз эли туу туткан, өтө ыйык, бийик, ар кандай салттуу, Улуу Жеңиш майрамы өтчү, балдарыбыздын ыр-бийлери, күлкүлөрү жаңырган жерибиз - борбордогу "Жеңиш" аянтыбыз акыркы убактарда ар кандай ызы-чуулар, байлык менен бийликтин кулуна айлангандардын пикет, митинг өткөрчү жайына айланууда.
Биз, ата-энелер, ага-эжелер, айтар элек, айланайындар, эсиңерге келгиле! Эртеңки күндү ойлогула! Украинада, Сирияда, Францияда, Тоолуу Карабахта жана башка көптөгөн өлкөлөрдө эмне болуп жатат? Канчалаган жапжаш жигиттер, күнөөсүз ата-энелер, наристелер каза болушту... Канчалары тентип жүрүшөт... Ким үчүн? Эмне үчүн?
Биздин башыбыздан өткөн эки революция сабак болгон жокпу? Кырчындый болгон 85 жигитибиздин өлүмү азбы? Кан жутуп какшап жаткан энелерибиздин ыйы, чыркыраган жетим наристелердин жашы кургай элек. Келиндерибиздин жүрөгүндөгү так, жарасы ката элек!
Сырттан агылып кирип жаткан арам акчалардын кулуна айланбагылачы! Кыргыз эли эр жүрөк, намыстуу калк, бирөөнүн колун карап, нан сураган эмес, элин-жерин саткан эмес! Элине кыянатчылык кылган эмес! Жерин саткандар эмне болгонун көрүп жатасыздар. Айланайындар! Жеке бийлик мансапкорлордун арам акчасына тебеленбегилечи! Өзүңөрдүн эртеңки күнүңөргө өзүңөр каршы чыкпагылачы!
Жаз келди, айдоо иштери башталды, жашоону алдыга жылдыруу убагы келди. Ансыз деле табияттын таш боор кырсыктары: жаан, сел, жер титирөөлөр канчалаган жарандарыбызга өз кесепетин тийгизип, үйсүз, мүлксүз калып жапа чегип, көз жаштары көлдөп жатат. Минтип пикетке чыгып ызы-чуу чыгаргандын ордуна аларга көмөк көрсөтсөңөр боло. Силерге эмне жетпейт, күзүндө өлкөбүздө II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өткөнү турат, көп өлкөлөрдөн коноктор келет, силер ошолор келер маалда өлкөбүз жарылып, бөлүнүп, талкаланып калуусун каалайсыңарбы? Же бизди дүйнөгө уят кылып, оюн өтпөй калышын каалайсыңарбы?
Чоң ата, чоң эненин, наристелерибиздин курсагы ток, заман тынч болсо, өлкөбүздө экономика алга жылат, коңшулардын алдында уят болбой, сый-урматка ээ бололу!
Жерибизде тынчтыктын майрамдары жаңырат, балдарыбыз окуйт, илим менен билимге умтулат, жаркыраган келечек күтөт баарыбызды.
Бизге - кыргыз жерине, кыргыз элине, ардагер ата-энелерге, эртеңки келечегибизге айтар элек, МИТИНГ ЖОК! Тополоң, ызы-чуу жок!"