Апрель айында "Жалал-Абад электр" ишканасы электр энергиясы үчүн 108 миллион 216 миң сом чогултту. Бул тууралуу аталган башкармалыктан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бул айда "Жалал-Абад электр" ачык акционердик коомунун электр тармактарына
88 819,6 кВт саат электр энергиясы келип түшкөн. Анын ичинен жалпы жоготуулар 9,1 пайызды түздү, жалпысынан берилген пландан (9,3 пайыз) ашып кетүүсүнө жол берилген жок.
Акчалай товардык продукциясы 87 910,2 миң сомду түзсө, жалпысынан чогултуу 108 261,1 сомду же 123 пайызды түздү.