Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин нөөмөт бөлүмүндө бир суткада миңден ашуун максатсыз чалуулар катталган

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы нөөмөт бөлүмүнө бир сутканын ичинде 5425 чалуу болгон. Анын ичинен 1437 чалуу максатсыз болгон.

"Бишкек шаары боюнча 2068 чалуу болсо, анын ичинен 817 максатсыз чалуу болгон. Ош шаары боюнча 3357 чалуу болсо, анын ичинен 620 жалган чалуу катталган. Максатсыз чалуулардын көп болгонуна сенсордук телефондордун көзөмөлсүз чалынышы жана жаш балдардын ойноп чалуулары да себеп болууда. Айрым учурларда кырдаалга тиешеси жок маалыматтарды сурап чалуулар да болот", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан