2017-жылдан тарта өлкөдө орус тилдүү мектептин бүтүрүүчүлөрү кыргыз тили боюнча милдеттүү түрдө тест тапшырышат. Бул тууралуу бүгүн, 17-майда Билим жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 17-майдан тарта 20-майга чейин Бишкектин орус тилдүү орто мектептериндеги 10-класстын окуучулары тесттин алгачкы сынагынан өтүшөт. Алардын кыргыз тилинин лексикасы менен грамматикасын туура колдонуу, окуу, оюн оозеки жана жазуу түрүндө түшүндүрө билүүсү бааланат. Мындай иш-чара орус тилдүү мектептин окуучуларынын арасында мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталган.