Бишкек. Ак-Бата конушундагы мектепке 4 конуштан окуучулар келишет, жаңы мектеп курууга уруксат берилбей жатат

Бишкектин четиндеги Ак-Бата жаңы конушунда бир эле мектеп бар. Ал мектепке Ак-Батанын тургундары гана эмес, Келечек, Дордой, Ак-Жар конуштарынан да окуучулар келишет. Бүгүнкү күндө 198 орунга туураланган мектепте 1066 окуучу окуйт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Балдарды коргоо борборунан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, окуучулардын саны жыл сайын артып барат. Учурда бир класста окуган окуучулардын саны 30-35ти түзөт. Бир учурда миң баланы мектепке батыруу мүмкүн болбогондуктан, окуучулар 4 нөөмөт менен окушат.

Конуштагы жалгыз мектеп болгон - №43-мектептин окуу-тарбия иштери боюнча орун басары Нургүл Исмаилованын билдиришинче, бул маселе менен тургундар мэрияга, депутаттарга кайрылышкан. Тилекке каршы, мектеп куруу үчүн жер бөлдүрүү 2013-жылдан бери мүмкүн болбой келет. Тургундар мектеп салып бере турган демөөрчү табышкан, бирок жер жок болгондуктан, иш башталбай турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан