2016-жылкы ажылык сапарына бара тургандарды каттоо үстүбүздөгү жылдын 20-майына чейин узартылды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Бул жарлык муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин буйругу менен бекитилди. Өлкө аймагындагы ажылыкка катталууга жетишпей калган жарандар бул аралыкта өз аймактарындагы каттоо пункттарына барып, тизмеге кирүүсү зарыл.
Учурда каттоо иши өлкөнүн бардык аймактарында өткөрүлүп, жалпысынан 34 каттоо пункту иштөөдө.