Былтыркыдай кырсыктын алдын алуу максатында Ала-Букада ата-энелер, окуучулар жана мугалимдер катышкан чоң жыйын өткөрүлөт

Эртең Ала-Бука районунда ата-энелер, окуучулар жана мугалимдер катышкан чоң жыйын өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 17-майда SUPER.KG порталына Ала-Бука райондук ички иштер бөлүмүнүн өспүрүмдөр менен иштөө боюнча инспектору Рано Нематтуллаева билдирди.

"Окуу жылынын аяктап бараткандыгына байланыштуу Акыркы коңгуроо салтанатына карата ата-энелер, мектеп окуучулары жана мугалимдер катышкан чоң жыйын өткөрөбүз. Өткөн жылы Акыркы коңгуроо салтанатында окуучулар жол кырсыгына кабылып каза болушкан. Ошондуктан түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, кырсыктын алдын алуу максатында чогулуп жатабыз", - дейт Р.Нематтуллаева.

Белгилей кетсек, өткөн жылы Ала-Бука районунда бүтүрүү кечесин белгилеп жаткан окуучулар 22-июнь күнү жол кырсыгына кабылып, 2 окуучу, 1 оператор жигит каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Arslan12
2016-05-17 18:46:02
Абайлагыла, келечегинер алдыда бутуруучулор!
0
Musabaeva.
2016-05-17 18:48:26
Кудай да сактанганды сактайт.Обу жоктонуп 10чакты машина менен чыкканды токтотуш керек.
+2
owtu
2016-05-18 01:14:30
Бир эле Ала букадан эмес бардык мектептерде тушундуруу иштерин жургузуш керек...
0
Jazi89
2016-05-18 07:35:42
Биз 2006 жылы мекткпти буттуп ,бутутруу кечесинде биз да элден калбай машине мн Жалабадка ойноп барганбыз ,каттар каттар машина болуп закстай болуп бара жатып кырсыкка кабылганбыз ,мындан 10 жыл мурун болуптур ,бирок эч Ким эч нерсе болгон эмес ,бирок ошол жылы башка мектептин окучуларынан биро каза болгон экен ,башын машинадан чыгарып бараткан экен бул нерсе 10 жылдан бери эле кайталанып келет жойсо жакшы болмок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан