SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Тамактан чыккан чач" деген тема талкууга алынды.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Бул окуя кечээ жакында эле болду. Кечки тамакты жасап, эч нерседен бейкапар эле баарына тамак куюп бергем. Андан соң жыйыштырып, идиштерди жуудум. Анан бөлмөбүзгө киргенде күйөөм "тамагыңдан чач чыкты, тамак жасаарда жоолугуңду бекем кылып салынып алсаң" дейт. Уялып кеттим. Дагы жакшы күйөөмдүн тамагынан чыгыптыр. Эгер кайнене же кайнатамдыкынан чыгып калганда эмне болмок?"
"Ошондуктан жоолук салынып тамак жасаш керек да. Менин тамагымдан чыга элек, чыкпай эле койсун. Тамак го мейли, нандан чыкса жаман да".
"Чын айтуу керек, жеңемдин жасаган тамактарынан көп чыгып калат. Биз билдирбей алып койгонго аракет кылабыз, ошол чач агама, иниме же чоң апама, атама көрүнбөсүн да. Жоолук салынат, бирок чачтын кайдан түшкөнүн байкай албадым".
"Биз, келиндер, чачты тарагандан кийин шашылыш эле жоолукту салып чыга калабыз. Мен чачты тарагандан кийин сөзсүз колумду суулап туруп желке тарабымдан ылдый сыдырып чыгам. Ошондо халатка жабышкан чачтар колго илешип калат. Былтыр менде да чыккан. Бирок жакшы, жолдошум экөөбүз эле элек. Ошондон кийин андай болтурбаганга аракет кылам".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.