Өлкөдө жалпы республикалык тест тапшыруунун биринчи этабы өтүүдө

Бүгүн, 18-майда жалпы республикалык тест (ЖРТ) тапшыруунун биринчи этабы өтүүдө. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалымат боюнча, 2016-жылы ЖРТга катышууга 48 211 абитуриент катталган. Алардын ичинде кыргыз тилинде тест тапшырууга 31 102 бүтүрүүчү билдирме берген. ЖРТ тапшырыш үчүн республика боюнча 124 тест борбору ачылды. Бишкектеги жалпы билим берүү мектептеринде 32 борбор иштеп жатат.

Биринчи топ тестти 17-18-майда, ал эми экинчи топ 20-21-майда тапшырат. Мындан тышкары май айында ЖРТ тапшыра албаган абитуриенттер аны 23-24-майда бере алышат.

Быйыл ЖОЖго өтүш үчүн негизги тесттен 110 балл, предметтер боюнча 60 баллдан жогору упай алуу керек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
poping.dance
2016-05-18 10:05:15
Ийгилик!
0
eldar.
2016-05-18 10:45:29
Карындашым дагы тапшырып жатат, 1 жумадан бери эле калчылдап титиреп сынакты ойлоп, коркуп журот байкушум.

Быйылкы бутуручуулордун баарына ийгилик, сынактан ийгиликтуу отсун.
0
bars_wire
2016-05-18 11:28:24
Ийгилик бутуруучулор.Келечегинер кен болсун. менин укамда тапшырып жатат.Ийгилик менин бир боорум.
0
merim97
2016-05-18 12:21:13
Медреселергеда тест керекби
0
Nora
2016-05-18 15:45:06
merim97,
ooba da, moldolordun da sharttary bar oshonu atkarsan anan kirsen bolot.
0
gulina.00
2016-05-18 22:57:46
Менда кече бүгүн тапшырдым соонун болду оңой эле ийгилик каалаймын баарыңа!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан