Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Эгемберди Эрматов окуучулар менен жолугуп, тил маселесин талкуулады. Бул тууралуу бүгүн, 18-майда борбор калаадагы Тоголок Молдо атындагы №71-жатак-мектебинен билдиришти.
"Тарых жана маданият жылына карата "Улуттун эртеңи - тил" деген аталыштагы маданий
иш-чарада тил маселеси талкууланды. Окуучулар иш-чаранын жүрүшүндө мамлекеттик тилге кайдыгер карабаган көрүнүштөрдү сахналаштырып аткарышты. Мындан сырткары кыргыз элине таандык улуттук баалуулуктарды сактап, камкордукка алууга чакырык жасалды", - деп билдирди мектеп администрациясы.