Австралияда үч саат бою крокодил менен алышкан жаран сууга чөккөн досунун денесин жырткычтын жеп коюусунан сактап калды

Австралиянын Дарвин шаарындагы көлмөдө үч саат бою крокодил менен алышкан жаран досунун сууга чөккөн денесин сактап калды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Австралиянын 72 жаштагы тургуну досу менен Дарвин шаарына жакын аймактагы көлмөдө эс алып жүргөн. Капыстан крокодил кайыкты оодарып жиберген. Достордун бири сууга чөгүп, бири жээкке чыга качкан. Аман калган 72 жаштагы адам үч саат бою крокодил менен алышып, сууга чөккөн досунун денесин сактап калган. Ал унаанын ачкычы жана башка тетиктери менен ургулап жырткычты алаксыткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
AIZAD
2016-05-18 12:29:22
Анан?
-1
abusait
2016-05-18 16:36:47
AIZAD,Анан ошо... . бири олуп экинчиси аман
Калыптыр
-1
Aidowi
2016-05-18 12:34:52
Анан куткаруучулар келип калгандыр да.
0
mirsapar
2016-05-18 12:44:01
азамат го 72 де болсо да
0
nakiw
2016-05-18 12:48:37
Олгон Денесин сактап калдывы же тируу сактап калдывы тушунуксуз
+3
admin_portal
2016-05-18 13:00:50
nakiw, саламатсызбы!
"Досунун сууга чөккөн денесин сактап калган" демек, сууга чөгүп каза болгон досунун денесин сактап калган.
+3
Adambol
2016-05-18 13:01:14
денеси экен да олуу тируусун булар да билбейтко
0
aselushka
2016-05-18 13:14:46
каарыганда крокодили бар колмодо не кылышат.эгер балык уулап журушкон болсо балыкты базардан деле алышса болмок экен.
-4
Mercedes202
2016-05-18 14:41:55
Карыганда калжандабай уйдо эле отурса болмок экен байкуш
-3
ashir
2016-05-18 15:33:33
Mercedes202, Карысада моледес, не карыса эле отуруп калыш керекпи, ден соолугу болсо журо берсин
+5
ashir
2016-05-18 15:37:24
Mercedes202,Osyndy karibachidai sesesingo
0
Aytur
2016-05-18 17:00:59
Ой тообо кызык адамдар бар э сууга чоккон адам тируу суу астында жатмак беле олдуда.Олсода этин крокодилге жедирбей сактап калыптыр 72 жаш деген кандай биз алышмак турсун аран бассак керек ал жашта. Азамат киши экен.
+4
ALSUXAN
2016-05-18 17:05:37
Менимче сууга чоккон адам тируу окшойт. Ал унаанын ачкычы жана башка тетиктери менен ургулап жырткычты алаксыткан деп жазыптырго! Тиги крокодилди алаксытуу менен убара болуп жургондо сууга чоккон досу качып чыккандырда!
0
zhykyo
2016-05-18 17:44:07
Кракадилдин жини келип калыптыр ал жерге барбаш керек
0
Nurdoolot1996
2016-05-18 21:06:56
кыргызстанда корокадил жоктугуна суйунолуу болбосо эки жердешибиз аны тутуп алып шишкебек кылса керек эле
0
nuri2605
2016-05-18 21:25:02
Nurdoolot1996,
))
-1
Arslan12
2016-05-18 22:47:16
72жашка жеткен да жетпеген да бар эмнеси болсо да молодец, Алланын айтканы болот да, бирин суудан алат бирин дагы башка жерден алат.
0
tyka
2016-05-18 22:51:16
Жанын сактап мн денесин сактап дегенди ажыраталы)))
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан