СУПЕРСТАН: "Үйлөнбөй туруп чогуу жашап алышса, бирин-бири түшүнүшсө, үйлөнүүнүн эмне кереги бар?"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Жарандык никеге көз карашыңар?" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Менимче, нике кыюуга чейин жашап алганы туура эмес, кыргыздын менталитетине да туура келбейт. Заман өзгөрүп, батышты туурайбызбы же тагдырыбызды күнөөлөйбүзбү, айтор, мындай көрүнүштөр көбөйүп жатканы чындык. Болгондо да үй-бүлөлүү адамдар башка бирөө менен нике кыйбастан жашап алышууда. Ал эми жаштар арасында ушул маселе көп учурда көйгөйлүү аяктайт, алар кыз-жигит болуп жүрүп жашап алышат да, кийин турмуш жолдору эки башка нук менен кеткендери да бар".

"Зыянды тартса кыз тартат, жигиттер мындай учурда эч качан зыян тартпайт болуш керек".

"Жарандык нике менен 21-кылымдын жаштарынын көпчүлүгү жашап жүрүшөт. Ушундайлардын айынан ар кайсы төрөт үйлөрүндө аборт деген көбөйдү. Мунун эмнеси кызык, түшүнбөйм".

"Менин оюмча, жакшы эле, бирок кичине маданияттуураак болсо. Мисалы, расмий түрдө үйлөнбөй туруп эле жашап алышса, бирин-бири түшүнүшсө, үйлөнүүнүн эмне кереги бар? Бирдей эле да. Бирок кыргызда "эл эмне дейт, элге кеп болбойлу" деген кептер бар, элдин кебин укпай дагы жашай албайсың. Айылдыктар мындай жорукка барышса, араң турган элге Кудай берип салбайбы. Мындай көрүнүш шаардыктарга эле жарашат го".

"Жарандык нике десе эле ой башка жакка кетиши мүмкүн, "чогуу жашагандан кийин эле баары интимдик жашоого барат" деп. Балким, ансыз деле болор. Бул нерсени жигит-кыз үчүн келечектеги туруктуу үй-бүлө куруунун башаты катары түшүнсө болот. Баары ошол убактын арасында чечилип калат".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
barpy
2016-05-18 17:17:44
Зына болот, болбогон жорук...
0
nargis
2016-05-18 18:04:34
Никеге туруп эле булоо курган жакшы ,эгер мындайлар кобойсо айбандан да отуп кетишет ,ал эми жон эле чогуу жашагандарга ишенбейм созсуз интимдик катнашка барышат ,мункун болсо той топуру жок же чыгымын азайтып жашоого болот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан