Тайырбек Сарпашев Бишкектеги Калкты тейлөө борборун күтүүсүздөн барып текшерди

Кечээ, 17-майда Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев Бишкектеги Калкты тейлөө борборунун түндүк филиалын күтүүсүздөн барып текшерди. Мында борбордогу VIP-бөлмөлөрүнүн ишин жандантып, калк арасында бул кызматты жакшы жайылтуу керектигин айтты. Бул тууралуу бүгүн, 18-майда аталган кызматтын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалымат боюнча, VIP-бөлмөлөрдүн артыкчылыгы - жарандар кассага расмий түрдө 500 сом төлөшөт, керектүү документтерди борбордун кызматкери чогултуп, толтуруп берет.

Ошондой эле Тайырбек Сарпашев аталган борбордогу VIP-бөлмөлөр жана сүрөткө тартуу кызматы өтө жай иштей турганын айтып, борбордун жетекчисине алардын ишин көзөмөлгө алууну тапшырды.

"Борборго киргенде эле көзгө дароо көрүнгүдөй кылып VIP-бөлмөлөрдүн кызматы тууралуу жазууларды илиш керек. Мындай кызматка болгон талап дайыма бар. Андыктан калк арасында түшүндүрүү жана маалымдоо иштери жүргүзүлүшү керек", - деди Т.Сарпашев.

Кызматтын жетекчиси борбордо кезек күтүп тургандардын арыз-муңун угуп, өз ишин так аткарбаган кызматкерлерге карата чара көрүүнү тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
batsam
2016-05-18 12:25:58
Калп эле показуха, ко...но жумуртка келгенден кийин кыймылдап. Ким билет Кытайларга пасспортту жасап бергендир акчадан алып коюп.
+6
Jigit80
2016-05-18 12:35:57
өзү негизи текшерүүнүн бары эле кутуусуз жургузулсо керек?же биз баратабыз текшергени даярданып тургула деп анан барыш керекпи?Тим эле тооду томоргонсуп кутуусуздон деп.Кутуусуздон эл жашоосун жакшы жакка буруп чет жерде жургон мигранттарга оз мекенибизден иш орун ачып койгонсуп.Текшеруунун баары кутуусуз болуш керек ошондо акыйкат болот онугуу болот.
+6
islamidin
2016-05-18 12:38:30
Булардын максаты VIP болумдорду жандантыш керек. а жалпы карапайым элди тейлеген болумдорду кыскартыш керек начарлатыш керек эл айласыздан випке барат анан
+6
B.B.Sadykov
2016-05-18 14:38:06
Vip деп элди бай жана кедейге, акчалуу жана бечара кылып болуп койгон экен да е анда.
+4
aikow92
2016-05-18 16:59:52
У кого нет денег "Все Идите Прочь" экен да ВИП дегени. Кутуусуз текшерууго журналисттер менен бирге баруу - Т.С. учун пиар ход. Эгер чындыгында жакшы иштеп аткан болсо озун озу пиарлап турганы деле дурус
+1
yasmina_kg
2016-05-18 21:22:01
Ушунчалык акчасы копбу же колдогону кучтуубу иши кылып кылганы элге жакпаса да чункур жерди баспай келет
0
zhumagul89
2016-05-18 21:54:30
Vip ти жандандырып жасалма паспорторду кобуроок жасап бергиле. ХХХХ ХХХХ экен.
0
admin_portal
2016-05-19 09:37:49
zhumagul89, эскертүү!
Этика нормаларын сактаныз!
0
barsbegKG
2016-05-19 01:18:36
Иши кылып ар бирибиз ак иштеп олко учун куймдуу кыз-жигиттерден бололу(жок дегенде комментарийди туура жазып).
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан