Бүтүрүү кечесине акча чогулткан мектеп жетекчилиги жоопко тартылат. Бул тууралуу бүгүн, 18-майда Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, республика боюнча аттестат тапшыруу аземи 11-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн 23-июнда, ал эми 9-класстын окуучулары 20-июнга белгиленген.
Ошондой эле аталган министрлик окуучулардын коопсуздугу үчүн майрамдык иш-чара ата-энелер менен мугалимдердин көзөмөлүндө мектептин аймагында гана өткөрүлө тургандыгын эскертет. Мындан сырткары окуучулардын бүтүрүү кечесине акча чогултулса же иш-чара көңүл ача турган жайларда өткөрүлө турган болсо, мектеп жетекчилери жоопко тартылышат.