SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Эркек кишиге кандай кесип ыңгайлуу?" деген тема талкууга алынды.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Трактор айдаган жарашат".
"Кесип тандоодо адамдын жынысы мааниге ээ эмес. Негизгиси болуп анын жөндөмү, таланты, шыгы эсептелет. Антип бөлө турган болсок, автобус айдаган аял кишилер, стилист болгон эркектер деле жүрүшпөйбү".
"Аскер кызматкери жарашат, себеби айымдар аскер кызматкерлерин таянар тоосу катары көрүшөт экен".
"Эркек деген эркектей болуп элге, жерге кызмат кылып, үй-бүлөсүн бакса, карьера жасаса болот".
"Азыркы кезде талаа аялга, ашкана, анан үй кожойкелик милдет эркекке энчиленип калып жатат. Эркек качан эркектей болот десеңер, качан гана жоопкерчиликтүү, өзүнө тиешелүү милдетин билсе, мына ошондо эркек! А кесипке келсек, аялзатынын жумуштарынан, кесиптеринен сырткары бардык кесиптер жараша берет. Жигитке жетимиш өнөр көптүк кылып жатса да".
"Эркек балдарга бардык кесип жарашат, мисалы, эсепчи, ак халат кийгени, костюм-шым кийип чыкыйып жүргөнү жараша берет".
"Биз жашаган жерге жакын жерде бир мырза маникюр жасап иштейт".
"Эркек кишинин кесиби болбойт. Эмне колунан келсе, ошону жасай берсин".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.