Ош шаарындагы Курманжан датка айылдык кеңешиндеги тургундардын жети жылдан берки жол боюнча жаңжалына чекит коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 18-майда SUPER.KG порталына Ош шаарынын Шаар куруу жана архитектура боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Адыл Акжол уулу билдирди.
Маалыматка ылайык, Курманжан датка аймактык кеңешиндеги Некрасов жана Ташкент көчөлөрүндө жашаган шаардыктар 7 жылдан бери жаңжалдашып келишкен. Жакында Шаар куруу жана архитектура боюнча башкы башкармалыгы унаа өтүүчү чоң жол курбоо боюнча чечим чыгарды. Буга чейин шаардыктар эки жаат болуп араздашып, бир тарабы жол курулсун десе, экинчи тарап курулбасын деп келген эле. Эгерде жол курулса, шаардыктардын ээлеп жаткан жерлери жолдун ичинде калмак. Ал эми кийинки тарап "жол салынса, балдарга жолго чыгып ойноо кооптуу болуп калат, анан да жүк ташуучу унаалар каттап, үйлөр жарылат" деген ойду карманып жаңжалдашып келишкен.