1922-жылы 19-майда Ленин атындагы пионердик уюм уюштурулган. Пионердик уюмдун негизделиши, II Бүткүл орусиялык комсомолдун конференциясынын чечимине ылайык, Москва шаарында пионердик отряддардын уюштурулушуна байланыштуу болгон. Советтик партия тарыхына караганда, пионердик уюмдун түптөлүшүнүн башатында Надежда Крупская турган деп айтылат. Кыргыз жеринде пионердик кыймыл кулач жая өнүгүп, кыргыз өлкөсүнүн миллиондогон жарандары коомдук кызматташуунун баштапкы даярдык тепкичинен өтүшкөн.
19-майдын жылнаамасы.