Баткен облусунун Лейлек районундагы Тогуз-Булак айыл аймагына караштуу Миң-Жыгач айылында чатырын теректер басып калган Жаш-Тилек орто мектебин оңдоп-түзөө иши аяктады. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда SUPER.KG порталына Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов билдирди.
"Буга чейин катуу шамал жүрүп, айылыбыздагы Жаш-Тилек мектебин теректер басып калган болчу. Бүгүнкү күндө айыл өкмөттүн каражаты менен жалпы 60 миң сом жумшалып, мектептин чатыры калыбына келтирилди. Азыркы учурда сабактын жүрүшү уланып жатат", - деп билдирди Б.Бекмуратов.
Эскерте кетсек, 8-майдан 9-майга караган түнү катуу шамал жүрүп, Тогуз -Булак айыл аймагындагы Жаш-Тилек орто мектебинин чатырын теректер басып калган.