Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүндөгү Миң-Өрүк айылында 150 адамга ылайыкташкан мечит курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда SUPER.KG порталына Жалал-Абад облустук мусулмандар казыятынан Арпиддин Жороев билдирди.
“Буга чейин бул айылда мечит жок эле. Айылдыктар үчүн 150 адамга ылайыкташкан жаңы мечит курулуп, пайдаланууга берилди. Мындан ары Миң-Өрүк айылынын тургундары ушул мечитке келип намаз окушат. Мечитти курууда Сауд Арабия өлкөсүнөн ишкерлер демөөрчүлүк кылышты. Ачылыш аземине аталган өлкөдөн атайын өкүлдөр катышып, кызыл тасмасын кесишти", - деп билдирди А.Жороев.