ЭЛДИК ВИДЕО: Мен апамды бактылуу кылгым келет

SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Мен апамды бактылуу кылгым келет" аттуу видео жүктөлдү (ник: Gupa).

Дүйнөдөгү эң ыйык заттардын бири - бул эне. Баласынын кемчилигине, кетирген каталарына карабай сүйгөн, бапестеген, ар дайым даамдуу тамагын даярдап алып жол карап күткөн да - эне. Убакыттын өтүшү менен эрезеге жеткен уул-кыздар өз жолун тандап, бири окуп, экинчиси иштеп, дагы бири алыс жактарда болуп, энелеринен алыстап кетишет. Жумуш, окуу менен алек болуп, эң жакын адамыбыз менен байланышууга убакыт жок болуп калат.

Энелер күнүнө карата эне менен баланын ортосундагы сүйүү, мээрим, байланыш тууралуу тартылган видео эч бир көрүүчүнү кайдыгер калтырбайт. "Энеңиз менен акыркы жолу качан байланыштыңыз? Качан чогуу тамактандыңыз? Жолугуу учурунда эмне кылмаксыз?" деген сыяктуу суроолорго катышуучулар көздөрүнө жаш алып жооп беришкен. А сиз апаңыздын бактылуу болушу үчүн эмне кыла аласыз?..

Видеону көрүү үчүн шилтеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан