Жер титирөөдөн жапа чеккен Эквадордо массалык маданий иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Эквадордо түнкү клуб, бар, караоке, дискоклубдардын иштөөсүнө тыюу салынды. Мындан сырткары Эквадордун борбор шаары Кито шаарында да театр, концерттер жана башка массалык маданий
иш-чаралар токтотулду.
Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын апрель айында күчү 6,8 жана 7,8 баллга жеткен жер титирөө катталып, кырсыктан 650 адам каза болгон.