Салмагы 14,62 каратка барабар (карат - алмаз жана башка баалуу таштардын өлчөө бирдиги, 0,2 граммга барабар) "Көгүш Оппенгеймер" бриллианты Женевадагы аукциондо 57,6 миллион долларга сатылды. Бриллиант аукциондо сатылган эң кымбат баалуу таштардын бири болуп калган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Баалуу ташты сатып алуу үчүн аукциондун 2 катышуучусунун өкүлдөрү телефон аркылуу сунуштарын айтып, 20 мүнөттөй соодалашкан. Бирок сатып алуучунун аты айтылган эмес.
Өткөн жылы салмагы 12,03 каратка барабар "Көк ай" бриллианты 48,4 миллион долларга сатылган. Аны гонконгдук миллиардер Жозеф Лау сатып алган. Миллиардер буга чейин да салмагы 16,08 каратка барабар бриллиантты 28,5 миллион долларга сатып алган. Мындай эки кымбат бриллиантты Жозеф Лау 7 жашар кызы үчүн сатып алганын айткан.