СУПЕРСТАН: "Кесиптешим үйлөндү эле, өзү "красавчик", аялынын кебетеси суук экен"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Эркектердин баары сулуу кыздарга үйлөнгүсү келет, анда сулуу эместердин тагдыры эмне болот?" деген тема талкууга алынды.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Сулуу, сулуу эмес деп экиге бөлгөн болбойт. Дегеним, ар бир адамдын табитине жараша да. Мисалы, сиз сулуу эмес деп эсептеген кыз башка жигиттин көзүнө сулуу көрүнөт, же тескерисинче, сиз сулуу деп тамшанган кыз башкага серт көрүнөт".

"Кара кыздын агынан эмес, багынан".

"Сүйлөшүп көргөндөн кийин бири-биринин ички дүйнөсүн жактырып калса керек. Сулуу болуп туруп мерез адамдар бар".

"Ар бир адамдын сүйгөнү сулуу. Ошон үчүн сулуу - сулуу эмес, сүйгөн сулуу дейт. Айдай чырайын иттей кыялы бузгандар бар. Ал эми кээ бир кыздар ички дүйнөсү аруу, асылкеч, бир жигиттин багын ача турган, өкүнүчтүүсү, көмүскөдө калышат".

"Чогуу иштеген бир агабыз үйлөндү эле, өзү "красавчик", аялынын кебетеси суук экен. Өзү сулуу кыздар менен сүйлөшчү эле, анан өңү серт кызды кайдан алган?"

"Кеп сулуулукта эмес, жүрөктө. Сырты жалтырак, ичи калтырактан көрө ыймандуу, акылдуу, кебетеси суук болуп турса жакшы го. Сени, ата-энеңди, бир туугандарыңды сыйлап, баарын өз ордундай кылып турса сулуудан да өтүп кетет".

"Эркек сулуу аялды элге көрсөтүүгө, ал эми акылдуу аялды келечек үчүн алат. Ошондуктан өзүн сулуу эмесмин дегендер акылдуу болууга тийиш".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (37)
ulya.mamatova
2016-05-19 14:57:25
Кыздарды- бироо чалма деп чанып кетсе ,бироо алма деп алып кетет дечу апам .
+9
rukopashnik
2016-05-19 14:59:58
мисалы Тынар деле сулуу аялын Лилияны таштап, ХХХ аялына кетип калды го туурабы...
так что сулуу сулуу эмес сүйгөн адам сулуу!
+4
admin_portal
2016-05-19 15:17:19
rukopashnik, кимдир бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынган! Эскертүү!
-4
admin_portal
2016-05-19 15:27:43
Rednalf, жеке айтышууларга жол жок! Билдирүүңүздү купуя менен жибериңиз!
-2
Rednalf
2016-05-19 15:36:28
Куп болот окумдарым!
+3
Ruslan4458
2016-05-19 15:38:10
Сулуну эмнесы кургабайт дейчу эле негизи озуно жаккан менен эле жашаган жакшы
+7
ice87
2016-05-19 16:36:15
Дуйнодо сулуулар жана сулуу эместер болуп болунбойт!Ыймандуулар жана ыймансыздар болуп болунот.Баардыгын Аллах жаратат.Алланын пендесин сыноого (тышкы келбетин) биздин укугубуз жок.Куниктер менен куниктер,сулуулар менен сулуулар баш кошсун деген эч жерде жок.Мен адамдын сырткы келбетине,кийимине,сулуулугуна карап мамиле кылбайм эч качан.
+3
kobra86
2016-05-19 17:25:30
Менин кошуналарым ушундай ой жугуртот тиги аялы сулуу тиигинин эри сулуу деп мага баари бир аял куйоо бирин бири жактырып тушунушуп жашаса болду
+1
hann
2016-05-19 18:56:55
Ар кимдики озуно, ай корунот козуно деген соз бар го. Ошондуктан сындабайлы, озубуздун эртенкибизди билбейбиз....
0
hann
2016-05-19 19:02:48
Айымдардын ар бири, бири бирине окшобогондой сулуулукка ээ... сулуу эмес деген соз кайдан чыкты дейм да.
+1
s5kgbal
2016-05-19 22:46:27
Мен бироону суйгом кебетесине карап тагыраагы кара коз красавчик болчу кийинчерээк анын душасын билдим фуууу дедим )суйум очуп калган))мактанчаак эле жада калса жаны носкийинда мактанчу
+1
s5kgbal
2016-05-19 22:47:06
Сырты жалтырак ичи калтырак
0
Rapas
2016-05-20 03:32:41
Не кебетесине тамак салыб жейт беле. Сулуулук журокто!!!
0
nazira...
2016-05-20 10:19:43
"Тустуудон тунулбо!" деген созчу, ага эмне дейсинер. "Кебетен менен жерге кир" дегеничи.
+1
dubai
2016-05-21 22:40:40
тусу ийгиден тунулбо деген соз бар,жылдыздуу,татынакай кыздардын ички дуйносу да назик,сулуу келет,данкылдаган кыздар анкылдап,ажылдап турушат
0
admin_portal
2016-05-23 14:41:19
dubai, аймактык бөлүнүүчүлүк маанидеги билдирүүлөргө тыюу салынган! 3 күн БАН!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан