Жарандык коргонуу уюму борбор калаанын Свердлов районундагы суу каптаган аймактарда ишембилик өткөрүп, сел каналдарын казды. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда мэриядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 9-майдан 11-майга чейин жүргүзүлгөн иш-чарада ондогон турак үйлөр сел коопсуздугунан чыгарылып, арыктар тазаланды. Мындан сырткары сел менен агып келген таштандылар тазаланды. Жогоруда аткарылган жумуштардын баары жергиликтүү жашоочулардын көмөгү аркылуу ишембиликтерди өткөрүү менен жасалды.