Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов "Дельфин" олимпиадалык резервдин алдындагы адистештирилген балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин имараты болгон "Дельфин" спорттук комплексинин оңдоп-түзөө иштери менен таанышты. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, ал текшерүү иштеринин жыйынтыгында аткарылып жаткан жумуш канааттандырарлык эмес экенин белгиледи. Андан соң Капиталдык курулуш башкармалыгына буга чейин аткарылган жумуштарды текшерип, оңдоп-түзөөнүн жаңы долбоорун иштеп чыгууну тапшырды.
Албек Ибраимов жумушту жыл соңуна чейин бүткөрүүнү тапшырды.