Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жумагүл Эгембердиева Чаткал районунун эли менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушууда айыл чарба тармагында күнөсканаларды көбөйтүү, тамчылатып сугаруу ыкмасына өтүү жана мал чарбачылыгын жандантуу боюнча маселелер көтөрүлдү.
Мындан сырткары өкмөттүн өкүлү тоо-кен ишканаларынан түшкөн каражатты максаттуу пайдаланууга үндөдү.