Бишкек шаарынын мэри ысык сууну өчүрүү убактысын май айынан июль айына жылдырууну сунуштап жатат

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов ысык сууну 10 июлдан 10-августка чейин өчүрүүнү сунуштады. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, мэрдин сунушу келерки жылы шаардык кеңеште каралып, анан чечим чыгарылат. "Май айында бала бакчалар, мектептер иштегендиктен, ысык суу зарылчылыгы келип чыгат экен. Ысык суу өчүрүү убактысын жай мезгилине жылдырсак, шаар тургундарына ыңгайлуу болот, анткени жайында ысык сууга караганда муздак суу көбүрөөк колдонулат. Муну менен катар мэрия тарабынан оңдоп-түзөө иштерин кыска убакытта бүтүрө алышат", - дейт Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Эскерте кетсек, быйыл 10-майдан 10-июнга чейин ысык суу берүү токтотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
B.B.Sadykov
2016-05-19 16:33:24
Эн Туура сунуш. Эми сунуш бойдон калыптыр кетпей ишке ашырса сонун болмок
+1
Abospekova
2016-05-19 17:04:29
Кошулам мерге.
0
MIRAN
2016-05-20 00:28:28
Бизде 11 майда очкон,негизи бир ай очотго ошо окшойт дегем корсо эми очот экенда.Бизде неге жок анда,бир жылда бир эле жолу оччу элего.
0
beka1207
2016-05-20 10:50:39
MIRAN,жогоруда 10майдан 10июнга чейин ысык суу беруу токтотулган деп турат))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан