Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы раритет, коллекциялык тыйындарды сатуу боюнча 18-майда аукцион өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда Улуттук банктын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, сатыкка жалпысынан 12 нумизматикалык тыйын коюлду. Башталгыч баа 100 сомдон башталды. 21 катышуучу катталып, сатыкка коюлган жалпы тыйындардын баштапкы баасы 82 000 сомду түзгөн. Ал эми аукциондо сатылган тыйындардын жалпы суммасы 140 300 сомду түздү.