Республикада азыркы кезде жалпысынан167 качкын бар. Алардын 50сү Сириядан келгендер. Булардын ичинен 5 качкын кыргыз жарандары менен үй-бүлө куруп, балалуу болушту. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда Мамлекеттик миграция кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, качкындардын көпчүлүгү, тагыраак айтканда, 106 киши Ооганстандан келген. Алардын 57си эркек кишилер, 49у аялдар. Украинадан 10 качкын бар: 6 эркек жана 4 аял киши. Ирандан 2 адам, экөө тең эркек, Мароккодон 1 адам келген.
Сириялык жарандар кыргыз жергесинен качкын макамын алууга 2012-жылы кайрыла башташкан. 2016-жылы бул өлкөдөн 1 адам арыз берген.
БУУнун конвенциясына ылайык, Кыргыз Республикасынын качкындарды кабыл алып туруу боюнча милдеттенмелери бар.