SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Өзүбүздү баалоону үйрөнөлү" деген тема талкууга алынды.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Мен өзүмдү өзүм ичимден мактап, сын айтып, урушуп турам. Өзүнө, келбетине нааразы болгондорго түшүнбөйм".
"Ар бир кемчиликти жашырып, өзгөчөлүк катары караса болот го. Көзү жымшык болсо, "менин көзүм япон фирмасынан чыккан, а япондор акылдуу болушат, демек, продукциясы сапаттуу" деп. Оригиналдуу жооп болот да".
"Сен өзүңдү кандай сезсең, адамдар сенден ошону көрө алышат. Биринчи өзүңдү сүй, анан сени сүйүшөт. Ушундай сөздөрдү укканда өзүмдү жакшы эле баалап коём".
"Өзүмдү сыйлайм, бирок баалагым келбейт. "Эй, жалкоо, адамдардын эң начары, эң төмөнү жана эң арты сен экениңди унутпа. Күчүң бир микробго да жетпеген алсыз бир макулуксуң, эгер ошол арзыбаган кичинекей микроб мурдуңа кирип кетсе, шылкыйып сасык тумоо болуп он күн жатып каласың. Демек, өтө алсыз-күчсүзсүң, бир микробго күчүң жетпеген. Өзүңдү күчтүүмүн деп ойлобо, анткени эшекте да күч бар. Өзүңдү акылдуумун деп ойлобо, себеби бал аарысында да акыл бар. Өзүңдү сулуу жана тазамын деп ойлобо, анткени төө куштар жалтырап сенден да сулуу жана таза". Ушул сыяктуу негатив сөздөр менен өз напсимди басынтып, сындырып турам".
"Мен өзүмдү баалабайт экенмин. Бирөө менин жаман жагымды тамашага салып "сен ушундайсың го, андай кылба" деп айтып койгон болсо, мен "ошондой экенмин да" деп, башкалардын алдында өзүмдү ыңгайсыз сезе берем".
"Өзүңдү өзүң мактаба, сени бирөө мактасын" дейт го, ушул туура. Эч ким өзүнүн кемчилигин мойнуна алган эмес, албайт дагы".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.