Бүгүн, 20-майда Бишкектеги Эркиндик бульварында карылардын колунан чыккан буюмдардын көргөзмө-жарманкеси өтүп жатат. Уюштуруучулар кабарлашкандай, жарманке "Жүрөктөн жүрөккө" акциясынын алкагында өтүүдө.
Акциянын башкы максаты - улгайган адамдарга кошумча каражат булагын таап берүү, буга коомчулуктун жана бийликтин көңүлүн бурдуруу.
Иш-чарага Ысык-Көл, Чүй облустарынын жана Бишкек шаарынын улгайган тургундары катышууда. Көргөзмөдөн кийизден, жүндөн жасалган буюмдарды, сувенир жана башка буюмдар, тамак-аштын түрлөрүн көрүүгө болот. Ошондой эле чакан шахмат мелдеши болуп жатат. "Алардын буюмдары сатыкка коюлуп, пенсиядагы адамдардын аз да болсо каражат табуусун шарттайт", - дешет уюштуруучулар.