Кечээ көмөк чордон бузулуп, Бишкектин айрым тургундары электр жарыгысыз калышты

19-майда Бишкектин Ала-Тоо-3, Ак-Ордо конуштарынын керектөөчүлөрү электр энергиясыз калышты. Саат 14:10до электр энергиясынын авариялык өчүрүлүшүнө “Кыргыз Республикасынын улуттук электр тармактары” ачык акционердик коомунун жогорку вольттогу 110/10 кВ "Ак-Ордо" көмөк чордон жабдуусунун бузулушу себеп болгон. Аталган конуштардын электр камсыздоосу 19-майда саат 18:54 калыбына келтирилген.

Ошондой эле 19-майда саат 10:45 Бишкек шаарында “Айни” жогорку вольттогу көмөк чордонунан №217- трансформаторуна чейин тартылган 10 кВ кабель чубалгылары бузулган, натыйжада Псковская, Гагарин, Ахунбаев, Бакаев көчөлөрү менен чектешкен аймак электр энергиясыз калган. Учурда “Түндүк электрдин” борбордук кабель чубалгыларды оңдоо кызматынын эки оперативдүү-чыгуу бригадалары бузулууларды жокко чыгаруу менен алек. Оңдоо иштери түнү бою да жүргүзүлдү. Керектөөчүлөрдүн электр камсыздоосу болжол менен бүгүн саат 10:00гө чейин калыбына келтирилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
ice87
2016-05-20 13:02:15
Комок чордондун орусчасы кандай?
0
BARCHA
2016-05-20 18:59:17
Бир куну бизге танкасын коюп коет, бир куну озубуздон чыккан сууну тосуп коет . колдо турган алтындын баркы жок болот деген ушу экен да эми свет очот деги мамлекет учун иштей турган патриот барбы. Россияда документ проблема ага деле конул бурушбайт. Мейли биз жаштар озубуздун олкобузго барсак жумуш камсыз кыласынарбы . ???
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан